Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айыл аймагындагы элдин көйгөйүн укту. Бул тууралуу кечээ, 25-сентябрда мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, аймак эли сугат суу, таза суу, жол, бала бакча, спорттук зал маселелерин көтөрүп, көпүрөлөрдү, жолдорду оңдоо, Боз-Кара-Кыштак каналын бүткөрүү зарылчылыгын белгилешти.
"Анда облус башчысы ар бир айыл аймак инвестиция тартуу үстүндө тынымсыз изденүү керектигин белгилеп, Үч-Коргон айыл аймагы багбанчылык менен дыйканчылык өнүккөн аймак болгондуктан, ишкерлерди мөмө жемиштерди кайра иштетүү жаатында кеңири мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырып, өнүгүүгө багытталган бардык долбоорлор колдоого алынарын айтты", - деп айтылат маалыматта.
Алимбаев элдин маселесин уккандан кийин тиешелүү жетекчилерге тапшырмалады берди.
Мындан тышкары ал балдар үчүн спорт зал куруу, балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу, кылмыштуулук менен күрөшүү маселелерине жетекчилердин көңүлүн бурду.
Айыл өкмөт башчысы үстүбүздөгү жылдын тогуз айында, аймактын өнүгүү багытында жергиликтүү бюджеттен 32 миллион сомдук жумуштар аткарылганын айтып өттү.
Ошондой эле 283 миллион сомдук инвестиция тартылган.
Белгилей кетсек, аталган айылда 33 миңден ашуун эл жашайт.