
Коргоо министрлигинин 30670 аскер бөлүгүнүн кызматкерлери Казакстанда өтө турган «Бузулбас боордоштук-2024» машыгуусуна катышат. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар кечээ, 25-сентябрда коңшу өлкөгө жөнөп кетишти.
Машыгуу 28-сентябрдан 5-октябрга чейин Казакстандын “Берег” полигонунда өтүп, ага ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин аскердик контингенттери катышмакчы.
Эске салсак, «Бузулбас боордоштук-2024» командалык-штабдык машыгуусу былтыр Кыргызстанда өткөрүлгөн.