Атайын автоээнбаштык жасаган айдоочуга 15 миң сом айып салынып, унаасы айып короого токтотулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалымдагандай, Бишкек шаарынан "Манас" эл аралык аэропортуна кетчү жолдо BMW үлгүсүндөгү унаанын ээси мотоцикл менен жарыш уюштурган. Мындан улам Кайгуул кызматы айдоочуну таап, ага 15 миң сом айып пул салган жана унаасын айып короого киргизген.
ЖКККББ жарыш уюштурган жаран тартылган видеону социалдык тармактарга жарыялаганын кошумчалады.