Бишкектин престиждүү аймактарынын биринде жайгашкан жер тилкелери мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
УКМК тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ы.Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан жалпы аянты 0,35 гектар болгон 5 муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактылары аныкталган.
"Бул жер тилкелерин жеке адамдарга мыйзамсыз берүү боюнча коррупциялык схема Бишкек шаарынын мэриясынын Ленин райондук администрациясынын токтомунан көчүрмөлөрдү бурмалоо жолу менен айрым жогорку кызматтагы адамдар тарабынан уюштурулгандыгы такталган. Кылмыштуу план боюнча аталган жер тилкелерине укук белгилөөчү документтер катталгандан кийин турак жай комплексин куруу пландалган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-чаралардын алкагында жалпы наркы 300 миллион сомду түзгөн 0,35 гектар өлчөмүндөгү муниципалдык жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу боюнча кылмыштуу схемага катышкан жактар аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмыштуу аракеттерге катышкан адамдар аталган жер тилкелерин мамлекеттин менчигине ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген.
УКМК мурда мыйзамсыз менчиктештирилген кыймылсыз мүлктөрдү мамлекеттин менчигине кайтарууга багытталган тиешелүү иштерди улантууда.