Баткен облусунун 25 тургунун алдап кеткен деген шек менен 36 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун 42 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал Баткен шаарынын 36 жаштагы тургуну ишеничине кирип, 5 миллион 592 миң рубль акчасын алдап кеткенин айткан. Мындан башка дагы Баткен облусунун 24 тургуну анын үстүнөн арыз жазышкан. Тергөө иштеринин жүрүшүндө жабырлануучуларга келтирилген жалпы материалдык чыгым 216 миллион сом экени аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки тергөө иштери башталган.
Шектүү катары 36 жаштагы Т.А. аттуу жаран Ош шаарынан кармалып алынып келинген. Учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.