Жалал-Абадда УКМКнын күбөлүгүн көрсөтүп, акча алып жүргөн шектүү кармалды

Жалал-Абад облусунда ишкерлерден УКМКнын күбөлүгүн көрсөтүү менен акча талап кылып келген шектүү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызматка жеке ишкерлер жана муниципалдык кызматкерлер ишмердүүлүгүнө мыйзамсыз текшерүүлөр болуп жатканын айтышып, арыз менен кайрылышкан.

Буга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 2-бөлүгүнү (Документтерди жасалмалоо) негизинде кылмыш иши козголуп, 24-сентябрда шектүү катары У.С. аттуу жаран кармалган.

Тергөөдө шектүүнүн УКМКнын жасалма кызматтык күбөлүгүн колдонуп, муниципалдык кызматчылардан жана жеке ишкерлерден финансылык-чарбалык ишмердигин (салыктык чегерүүлөрдү, финансылык отчётторду, жер тилкелерине укук белгилөөчү документтерди жана башка фактыларды) текшерүү шылтоосу менен акча каражатын талап кылып келгени аныкталган.

Атайын кызмат учурда У.С. тарабынан жасалган башка мыйзамсыз аракеттерди аныктоо боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан