Ноокен районунда болгону 7 эле жол тескөөчү бар экен. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрдагы Жогоку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Эгембердиев билдирди.
"Ноокен районунда 150 миңге жакын калк жашайт. Курамында Кочкор-Ата жана Шамалды-Сай шаарлары бар. Райондо болгону 7 эле МАИ кызматкери бар экен. Анын үчөө офицердик курамда болгондуктан кабинетте отурушуп, трассага чыгышпайт экен. Кенже курамда 4 эле кызматкер бар. Алардын бири нарядга турса, бири наряддан чыгып эс алат экен. Ошондо иштей турганга 3 кызматкер калып жатат. 1 кызматкер эмгек өргүүгө чыгып же ооруп калса жолду тейлегенге 2 эле кызматкер калып жатат", - деди ал.
Эгембердиев дагы кошумча 3 штаттык орун ачыш керектигин белгиледи.