Ноокатта РЭТтин инженери пара алууга шектелип кармалды

Ноокат райондук электр тармактары мекемесинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга Ноокаттын тургуну арыз менен кайрылып, РЭТтин инженери үйгө үч фаза ток киргизүү үчүн 60 миң сом акча каражатын талап кылып жатканын билдирген.

Бул факты боюнча Ош ОИИБи тарабынан иш козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө иш бөлмөсүндө 50 миң сом алып жаткан учурда Ноокат райондук электр тармактарынын сатуу бөлүмүнүн инженери 1980-жылы туулган М.Р. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан