Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында байгелүү орундарга ээ болгон спортчулар менен жолугушту. Бул туулуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, депутат көчмөндөр оюндарында салттуу жаа атуу боюнча 2-3 орундардын жеңүүчүсү Асель Садырова жана таяк тартыш боюнча 1-орунга ээ болгон Келдибек Атайбек уулун "Ыраазычылык кат" менен сыйлады.
Эл өкүлү спортчулардын ийгилиги менен куттуктап, өлкөнүн спорт тармагына кошуп келе жаткан салымын кубануу менен белгиледи.
Жолугушууда улуттук спорттогу жетишкендиктер, аткарылып жаткан иштер жана андагы көйгөйлөр талкууланды.