Бүгүн, 26-сентябрда Кыргыз-Түрк "Достук" ооруканасынын башкы дарыгери Самет Йылмаз сыйланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, ага кыргыз-түрк достугун бекемдөөгө, саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө жана калкыбыздын ден соолугун чыңдоого кошкон зор салымы үчүн төраганын атынан "Ыраазычылык кат" ыйгарылды. Аны депутат Улан Примов тапшырды.
Самет Йылмаз 9 ай келишимдик негизинде Бишкектеги Кыргыз-Түрк “Достук” ооруканасында башкы дарыгер болуп акысыз эмгектенип, азыркы учурда ишмердүүлүгү аяктап өз мамлекетине аттанды.