Бишкектин айрым райондорунда 1-октябрда таза суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады
Маалыматка ылайык, "Северный" суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштери жүрөт. Буга байланыштуу 1-октябрда саат 9:00дөн 02:00гө чейин төмөнкү конуштарда суу болбойт:
- Күрөңкеев көчөсү, Абдрахманов көчөсү, Элебесов көчөсү, Бельская көчөсү, Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспекти, Жаш Гвардия, ЧЧК, Саадаев көчөсү;
- Красный строитель, Ак-Тилек, Көлмө, Алтын-Бешик жана Салам Алик конуштары.