Бишкек шаарында денеге оор залал келтирүүгө шектелип 43 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 26-сентябрь күнү милицияга У.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү саат 21:00 чамасында Сельсоветский менен Ден-Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар менен пикир келишпестиктен мушташа кеткенин, алардын бири бычак менен денесине залал келтирип качып кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Денеге оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү катары 1981-жылы туулган О.М. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.