Чүйдө кызыл сызыктан ашып кеткен бир канча курулуштар буздурулду

Чүйдө Мамлекеттик курулуш тарабынан 5 тосмо, 2 имарат буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй районунун Бугрянка жана Заречная көчөлөрүндө мыйзамсыз курулган 5 тосмо жана 2 имарат демонтаждалды.

"Мындан ары дагы курулуштарды иретке келтирүү иштери уланарын кошумча билдиребиз", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан