Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө беш жылдыздуу мейманкананын курулушуна капсула салды (сүрөт)

Бүгүн, 27-сентябрда Ысык-Көл облусунда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Хан-Теңири” беш жылдыздуу мейманканасынын курулушун баштоого капсула салды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл обулусунда алгачкы ирет 5 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул долбоорду ишке ашырууга 160 миллион доллар бөлүнгөнү айтылды.

"Ири инвестициялар Ысык-Көл облусуна гана тартылып жаткан жок, жакын арада Жалал-Абад облусунда аэропорттун курулушу башталат", - деген Камчыбек Ташиев иш-чаранын жүрүшүндө.

Белгилей кетсек, 8 кабаттуу “Хан-Теңири” мейманканасы “Тамчы” аэропортунан 700 метр аралыкта жайгашкан. Жер тилкесинин жалпы аянты 99 миң 994 чарчы метрди түзөт, курулуш аянты 48 миң 476 чарчы метр.

Ал эми мейманканада президенттик номер, 100дөн ашык стандарттык номерлер, бассейн, жыйын залдары, спа-борбор, спорт аянтчалары, ресторан жана унаа токтоочу жай болот.

Курулуш иштери эки жылдын ичинде бүтөрү маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан