Түркиялык блогерлер поезд менен Кыргызстандын кооз жерлерине саякатка чыгышты. Бул тууралуу Кыргыз темир жолу ишканасы билдирди.
Анда түрк блогерлеринин ири делегациясы Балыкчы – Токмок багыты боюнча поезд менен Кыргызстандын кооз жерлерин кыдырып, кызыктуу саякатка чыгышкан. Коноктор ВИП жана ВИП-купе вагондоруна жайгашып, Боом капчыгайынын керемет көрүнүштөрүн көрө алышкан.
Саякат учурунда аталган ишкананын кызматкерлери блогерлерге Кыргызстандын темир жол инфраструктурасынын өнүгүүсү тууралуу маалымат беришти.
Белгилей кетсек, Түркиядан келген коноктордун саякаты 24-сентябрдан 27-сентябрга чейин созулду.