
Бишкекте белгиленбеген жерге жарнама такталарын жайгаштыргандарга айып пул салуу уланууда. Бул туурасында бүгүн, 27-сентябрда мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, эки жоопкерчилиги чектелген коомго жана эки ишкерге протокол түзүлүп, алар айыпка жыгылды.
"Шаар ичиндеги жүргүнчү ташуучу унааларга, имараттарга, тосмолорго, аялдамаларга, жарыктандыруу түркүктөрүнө ар кандай кулактандырууларды, маалыматтык билдирүүлөрдү, жарнамаларды чаптоого жана илүүгө тыюу салынат. Бир айдын тегерегинде Муниципалдык инспекциянын кызматкерлери тарабынан 43 протокол түзүлүп, салынган айып пулдун жалпы суммасы 119 миң сомду түзгөн", - деп айтылат маалыматта.
Мэрия жарнама берүүчүлөрдү эрежелерди билип алууга чакырат.