“Түштүк ЭКСПО-2024”. Ош шаарында 8 мамлекеттен келген ишкерлер жолугушту

Бүгүн, 27-сентябрда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында VIII Эл аралык “Түштүк ЭКСПО-2024” жана IV Эл аралык “Кыргызстан Улуу жибек жолунда” туристтик көргөзмө-жарманкелеринин ачылышы болуп өттү. Бул туурасында Ош мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жыл сайын өтүүчү көргөзмөгө Кытай, Өзбекстан, Азербайжан, Түркмөнстан, Монголия, Казакстан, Венгрия, Орусия мамлекеттеринен бизнес жана дипломатиялык өкүлдөр жана Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан жеке ишкерлер катышты.
"Аталган көргөзмө-жарманкеде айыл чарба, тамак-аш азыктары, кеңсе буюмдары, техника, курулуш, кийим-кече өндүрүшү, үй-тиричилик, туристтик жана кол өнөрчүлөрдүн буюмдары көрсөтүлүдө. Иш-чара эки күнгө созулат", - деп айтылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан