Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр айыл аймагына сейил бак куруу пландалууда. Бул туурасында Мамлекеттик курулуш агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Жайыл районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгы сейил бактын долбоорун иштеп чыгып, жергиликтүү бийлик башкармалыгына сунушталган.
Мекеме сейил бактын болжолдуу аянты 0,48 гектарды түзөрүн кошумчалады.