Бишкек шаарында ден соолукка оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясы кабарлады.
Ага ылайык, 27-сентябрда түндө Бишкек ШИИББдин "102" кызматына С.Каралаев көчөсүндөгү кафелердин биринин жанында бала бычактан жаракат алгандыгы боюнча маалымат түшкөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Ден соолукка оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 21 жаштагы О.И., аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.