Бишкекте издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган, Жалал-Абад облусунун тургуну 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаран Бишкектен кармалды.
"Кармалган жаран өзгөчө оор кылмышты жаап жашыруу беренеси менен июль айынан бери издөөдө болгон. Ал камакка алынып, кылмыш иши боюнча тергөө улантылууда", - деп айтылат билдирүүдө.