Таласта Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун дагы бир мүчөсү баңгизат менен кармалды

Таласта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Талас шаарында "А" аттуу адам баңгизат жасоо менен алектенип, үйүндө сактап жүргөнүн аныкташкан.

Ал Талас шаарынын 1988-жылы туулган тургуну Т.А. экендиги жана маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турары аныкталган. Шектүүнүн жашаган жерин тинтүү учурунда 105 грамм салмактагы "гашиш" баңгизаты табылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарды сактоо) менен кылмыш иши козголду.

Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан