Ошто дарыканадагы баңгиликке каршы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

Ош шаарында дарыгерлердин көрсөтмөсү жок күчтүү дары-дармектерди сатууга каршы багытталган профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-сентябрда Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү борбордук базардын аймагында 1967-жылы туулган М.Б. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан кара жана көк пакеттерге таңгакталган дары-дармектердин ири партиялары: 80 кассета (лирика) жана 100 флакон (көз тамчылары) табылган, анын жалпы баасы 195 миң сомду түзөт.

"Ал дары-дармектерди дарыгердин көрсөтүүсү жок эле сатууну көздөгөн. Кармалган жаран жана алынган дары-дармектер Ош ШИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Аталган факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул иш-чаралардын негизги максаты дары-дармектердин мыйзамсыз жүгүртүлүшүн болтурбоо жана өспүрүмдөр арасында "дарыканадагы баңгиликке" жол бербөө болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан