УКМК "Унаа" ишканасындагы коррупцияга байланыштуу 10 кишини кармады (видео)

УКМК "Унаа" ишканасында айдоочулук күбөлүктөрдү алуудагы коррупциялык иштерге бөгөт коюлганын билдирди. Атайын кызмат кармалган 10 кишинин көздөрү жабылган сүрөттөрүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, жарандар айдоочулук күбөлүктөрдү алуу максатында, тагыраагы теориялык жана практикалык экзамендерди ийгиликтүү тапшыруу үчүн түзүлгөн коррупциялык схеманын айрым субъекттерине кайрылышкан, алар экзамен тапшыруучулар менен аталган мамлекеттик мекеменин кызмат адамдарынын ортосунда ортомчу катары иш алып барып, пара алышкан.

Ал эми тийштүү кызмат адамдары өз кызыкчылыгын көздөп, экзамендерден ийгиликтүү өтүүсүнө жардам беришкен. Алдын ала эсептөөлөр боюнча Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир гана филиалынан ай сайын мыйзамсыз түшкөн акчанын суммасы 10 миллион сомдун тегерегинде болгон.

Коррупциялык схеманын бардык катышуучулары Кылмыш-жаза кодексинин "Коррупция" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда кылмыштуу схеманын бардык катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан