Бишкекте жашыл аймактарга унаа токтоткон айдоочуларга айып пул салынат Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.
Маалыматка караганда, эреже бузгандарга 5 500 сомдон 17 миң сомго чейин айып пул каралган.
Жашыл газондорго жана жашылдандырууга арналган жерлерге унааларын токтоткону үчүн 5 айдоочуга айып пул салынды. Алардын ичинен 2 айдоочу мыйзам бузуу менен макул болсо, калгандарынын иштери райондук административдик комиссиянын комиссиянын кароосуна жөнөтүлдү.
Муниципалдык инспекция айдоочуларга унааларды жолдордун бөлүнгөн тилкесиндеги жашыл аянтка, газондорго жана жашылдандырыла турган жерлерге токтотпоону эскертет.