Токмокто аялына күн көрсөтпөгөн мурдагы аскер кызматкери кармалды

Токмокто мурдагы аскер кызматкери аялына күн көрсөтпөй, дайыма сабап келген деп шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 21-сентябрда Токмок шаарынын Тоголок Молдо көчөсүндөгү батирлердин биринде күйөөсү аялын сабап жатканы кабарланган.

Милиция кызматкерлери жерине барганда 1996-жылы туулган А.А. аттуу келин 1994-жылы туулган С.Б. аттуу жолдошу системалуу түрдө сабап, кемсинтип жүргөнүн айтып, чара көрүү өтүнүчү менен арыз жазган. Жабырлануучу ошол эле күнү Улуттук госпиталга кайрылып, баш мээси чайкалган деген диагноз коюлган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 177-беренесинин (Үй-бүлөлүк зомбулук) негизинде кылмыш иши козголуп, соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.
Ал эми шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин социалдык тармактарда мурдагы аскер кызматкери аялын такай сабап келгени, милиция шектүүгө чара көрбөй жатканы тууралуу маалымат тараган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан