Орусиянын Новосибирск шаарында 27 жаштагы Кыргызстандын жараны 13 жаштагы кызга ыдык көрсөтүп, кармалган. Бул туурасында Орусиянын Тергөө комитети сайтында кабарлады.
Маалымдалгандай, ал 24-ноябрга чейин тергөө абагына киргизилген.
“Кармалган Халилжон А. аттуу жаран Новосибирскте жергиликтүү эшик чыгаруучу компаниялардын биринде кампада иштеген. Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал августтан сентябрга чейин жашы жете элек кыз менен уюлдук байланыш аркылуу кат алышып, жолугушууга азгырган. Жолугушууда шектүү жаран кызга тийишип баштаганда, ал качып кетип үлгүргөн”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.