Бишкек шаарында 4-октябрда бош жумуш орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Жарманке Г.Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде болот.
"Жарманкеде 100дөн ашык жумуш берүүчү ири компаниялар катышып, жарандарга иш берүүчү менен түз маектешүү аркылуу жумуш табуу мүмкүнчүлүгүн түзөт, ошондой эле Бишкек шаары боюнча 4 миңден ашуун бош жумуш орундары сунушталат", - деп жазылат анда.