УКМК Токтогулда “Йакын инкардын” активдүү 5 жактоочусу кармалганын билдирди

Жалал-Абаддын Токтогул районунда "Йакын инкар" диний-экстремисттик агымынын активдүү мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда УКМКдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, өлкө аймагында тыюу салынган “Йакын инкар” диний-экстремисттик агымынын активдүү 5 жактоочусу кармалды.

Кармалган адамдар соттун чечими менен 1 айга Жалал-Абад шаарындагы №53 тергөө абагына киргизилди.

"Алар Токтогул районунда экстремисттик идеологияны активдүү жайылтышкан. Тинтүү иштеринин натыйжасында көп сандагы экстремисттик адабияттар жана экстремисттик материалдар табылып алынды. Жогорудагы адамдар "Йакын инкар" ДЭАнын катарына жаңы тарапкерлерди тартуу максатында жергиликтүү калк арасында экстремисттик идеологияга үгүттөө иштерин системалуу түрдө жүргүзүп келишкен", - деп айтылат маалыматтта.

Атайын кызмат көздөрү жабылган 10 адамдын сүрөтүн жарыялады.

"Жүргүзүлгөн алдын алуу иш-чараларынын жыйынтыгы боюнча ДЭАнын жактоочулары өздөрү тандап алган диний багыттын туура эместигин моюнга алып, жарандарды мыйзамсыз чакырыктарга алдырбоого, ошондой эле экстремисттик идеологиядан баш тартууга чакырышты", - деп айтылат билдирүүдө.

УКМК Кыргызстанда тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдардын ишине катышкандыгы үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралганын эскертет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан