Чүй облусундагы Токмок шаарынын 1962-жылы туулган Элиза Сулайманова аттуу тургуну дайынсыз болууда. Бул тууралуу бүгүн ,30-сентябрда облустук милиция билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга анын туугандары 26-сентябрь күнү үйдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келбегенин айтышып, көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылышкан.
Белгилери: бою 150-155 сантиметр, көздөрү күрөң, чачы кыска.
Кийген кийимдери: үстүндө күрөң түстөгү күрмө, күрөң шым, бутунда ак бут кийим.
Милиция Сулайманованы көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөн. Байланыш номурлары: 0312 607363, 03138 63102, 0555 023651, 0707 419 141.