Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 30-сентябрда саат 15:25те Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, жер силикинүүнүн күчү Аксы районундагы Жетиген, Чалдыбар айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Ал эми очогу Жетиген айылынан 8 чакырым түштүктө, Чалдыбар айылынан 9 чакырым түштүк батышта орун алып, күчү 3 баллга жеткен.

ӨКМ кырсыктан жабыркагандар жана кыйроолор болбогонун кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан