Бүгүн, 30-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Баткен облусунун Раззаков шаарындагы автобекет мамлекетке өткөрүлгөнүн кабарлады.
Маалыматка ылайык, 17-сентябрда "Лейлек-Автобекет" ЖЧКсынын акционерлери өз ыктыяры менен Лейлек районунун Раззаков шаарынын мэриясына Дадасян көчөсүнүн 47Б дарегинде жайгашкан, базар баасы 76 миллион 500 миң сомду түзгөн автобекетти 0,51 гектар жер тилкеси менен кайтарып беришкен.
УКМК автобекет мыйзамсыз менчиктештирилген мамлекеттик объектилерди кайтаруу иштеринин натыйжасында алынганын белгиледи.