ЭЛДИК КАБАР:  Жалал-Абаддын Кызыл-Суу айылындагы мектептин жабылганына тургун нааразы

SUPER.KG порталынын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын тургуну кайрылып, "айылдагы мектептин жабылышы окуучуларга оорчулук жаратып жатат" дейт.

Ал буга билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жүргүзүп жатканы реформасы себеп болгонун белгиледи.

"Маман Кадыров атындагы орто мектепти окуучулардын саны жетпейт деген негизде жаап коюшту. Бул мектепте 1-9-класска чейинки 140 окуучу билим алат. Эми балдар окуу үчүн коңшу айылдардагы мектептерге барышы керек болуп жатат. Коңшу айылдагы мектептердин бирине 7 чакырым, экинчисине 10 чакырым жол басыш керек. Бул биздин балдар үчүн өтө кооптуу, ары түйшүктүү. Маселени чечиш үчүн Базар-Коргон райондук администрациясына барып, жакшы жооп ала албадык", - деди окурман.

Ошондой эле ал бул боюнча айыл тургундары Жогорку Кеңештин депутаттарына кат жолдошконун кошумчалады.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан