Жалал-Абад шаарындагы мектептердин биринде бычактан жаракат алган окуучу ооруканага түшкөн. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 1-октябрда Жалал-Абад ОИИБинен тастыктады.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрда Жалал-Абад облустук оооруканасы шаардык милицияга мектеп окуучусу бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат берген. Анда ал күнү саат 11:13 чамасында мектеп аянтчасында 15 жаштагы окуучу өзүнүн классташын бычак менен ичке сайып салганы, натыйжада жабырлануучу бала ооруканага жаткырылганы айтылат.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган. Окуя болгон жерге барган укук коргоо кызматкерлери ал жактан сабы көк түстөгү бычак табышкан. Текшерүү учурунда алар өз ара мушташып кетишкени аныкталган.
Учурда окуя боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, тергөө иштери улантылууда.