Израилдин Ливанга жасаган чабуулунан соңку суткада 95 киши набыт болду

Акыркы сутка ичинде Израилдин куралдуу күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү шаарлар менен кыштактарга, ошондой эле борбор калаа Бейрутка сокку урду. Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги кол салуулардан 95 киши каза болуп, 172си жарадар болгонун билдирди.

Аткылоо Ливандын бир катар райондорунда катуу кыйроолорго алып келди. Өзгөчө өлкөнүн түштүгүндөгү калктуу конуштар жабыркап, анда турак-жайлар жана инфраструктура талкаланган. Бийлик каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн экенин айтууда.

Буга чейин Израил Ливанга кургактыктан кол салуу башталганын жарыялаган. Бир нече сааттын ичинде Израилдин аскерлери чек арадагы бир катар айылдарды басып алууга жетишти.

Израил армиясы операциянын максаты Израил-Ливан чек арасына жакын жайгашкан айылдардагы "Хезболланын" аскерий инфраструктурасын жок кылуу экенин билдирди. Армия өз билдирүүсүндө операцияны “чектелген” деп атап, анын аскерлери “Израилге коркунуч туудурган” буталарга сокку уруу үчүн Ливанга кире баштаганын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан