27-декабрда жыйынтыкталган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык балбандар 8 алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу кечээ, 29-декабрда аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Шералы Сыдыковдун жаркын элесине арналган мелдеште 12 салмак категориясы боюнча жеңүүчүлөр аныкталды. 8 салмакта кыргызстандыктар жеңүүчү аталса, Казакстан жана Тажикстан курама командаларынын мүчөлөрү өз командаларынын эсебине экиден алтын медаль жаза алышты.
35 килограмм салмакта - Жыргалбек уулу Арген (Кыргызстан)
38 кг - Токтогул уулу Айбек (Кыргызстан)
42 кг - Тынчтыкбеков Талгат (Кыргызстан)
46 кг - Мырзаназар уулу Бекболот (Кыргызстан)
50 кг - Кожамуратулы Канат (Казакстан)
54 кг - Жалилов Исабек (Кыргызстан)
58 кг - Орозбеков Ислам (Кыргызстан)
63 кг - Усенов Бакберген (Кыргызстан)
69 кг - Ражабов Абумуслим (Тажикстан)
76 кг - Карабек Куаныш (Казакстан)
85 кг - Айтыев Азис (Кыргызстан)
100 кг - Якубов Фируз (Тажикстан)