Токмокто наркы 25,3 миллион сомдук кинотеатр мамлекетке алынды

Чүй облусунун Токмок шаарындагы наркы 25 миллион 322 миң сомду түзгөн "Восток" кинотеатры мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кинотеатрдын имаратын 2004-жылы Түз инвестицияларды тартуу боюнча мамлекеттик комитеттин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгы инвестициялык конкурстан жеңип алган Н.М. аттуу жаранга 340 миң сомго сатуу менен менчиктештирүү келишимин түзгөн. 2006-жылы Токмок шаарынын мэриясынын токтому менен аталган жаранга кошумча 3 миң 206 чарчы метр жер тилкеси иштеп жаткан объектини реконструкциялоо үчүн бекитилип берилген.

Ал эми Н.М. болсо инвестициялык келишимдин талаптарын аткарбастан кинотеатрды өз максаты боюнча ишке киргизген эмес. Кийин ал кинотеатрдын имаратын М.А. аттуу башка бир жаранга сатып жиберген.

Аталган факты боюнча Токмок шаарынын прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актынын талаптарын бузууну четтетүү жөнүндө прокурордук талап келтирилген. Натыйжада Токмок шаарынын мэриясынын токтому менен "Восток" кинотеатрынын имараты жер тилкеси менен биргеликте Токмок шаарынын муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын балансына өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан