Автожарыштардын Формула-1 сериясы боюнча 7 жолку дүйнө чемпиону, германиялык Михаэль Шумахердин баш сөөгү кесилип операция жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда европалык басылмалар кабарлашты.
Маалыматка ылайык, спортчу кышкы эс алууну Франциянын Мерибель шаарындагы тоо-лыжа базаларынын биринде өткөрүп жаткан. Лыжа тээп жүргөндө жыгылып, башы менен ташка урунган.
Бул учурда спортчунун башында шлем болгону такталды. Шумахер оор абалда ооруканага жеткирилип, бир топ убакыт комада жаткан.
Андан соң баш сөөгү кесилип, операция жасалган. Автожарышчы көп кан жоготкону тууралуу да айтылууда.