Биз социалдык тармакта

"Үйүнө кирип, эшикти бекитип...". Араванда зордуктамакчы болгон айылдашынын колунан бошонуп чыккан келин милицияга кайрылды

Араван районунда айылдашын зордуктоого аракет кылган деген шек менен 28 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Ош ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 27-сентябрда милицияга 32 жаштагы келин кайрылып, үйүндө балдарына тамак жасап жаткан учурда айылдашы кирип келип, эшиктерди бекитип алып, зордуктаганга аракет кылгандыгын айткан.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-154-беренесинин (Зордуктоого аракеттенүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары анын айылдашы 1996-жылы туулган А.О. аттуу жаран кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан