Чүйдө айылдашын көзү агып калганча сабаган шектүү кармалды

Ысык-Ата районунда айылдашын мыкаачылык менен сабаганга шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Чүй ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 17-августта түнкү саат 21:00 чамасында Биринчи май айылынын эки тургуну айылдагы көлмөнүн жээгинде спирт ичимдигин ичип отурушуп, мушташа кетишкен. Натыйжада 57 жаштагы жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Жабырлануучу оор жаракат алып, сол көзү агып калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 40 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан