Бишкек шаарында коркутуп акча талап кылууга шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга С.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал "Аю грант" соода борборунун жанынан топ адамдар күч колдонуп Hyundai үлгүсүндөгү унаасын тартып алышканын, андан соң дагы 47 миң 300 доллар талап кылып жатышканын айткан. Жабырлануучу акча берүүдөн баш тартканда алар анын денесине залал келтирип, коркутууга алышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опуза талап) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү делген 1982-жылы туулган Т.М. аттуу жаран талап кылынган сумманын бир бөлүгүн алып жаткан учурда кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Учурда тергөө иштери улантылууда.