Баткен облусунда бир нече унаа жолдор оңдолууда. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда Транспорт министрлигинен билдиришти.
Төмөнкү аймактардагы жолдор оңдолууда:
- Бужум-Баткен-Исфара унаа жолунда жер жумуштары жүрүүдө;
- Раззаков шаарын айланып өткөн жолдо асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп, жолдун негизи жасалууда;
- Самат-Замборуч-Жаркыштак автоунаа жолунда асфальт төшөө жумуштары аяктады;
- Кызыл-Булак-Тамаша унаа жолунун 3 чакырымына асфальт басылды;
- Ак-Кыя-Жийделик жолунда асфальт төшөө жумуштары уланууда.