Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы "Йакын инкар" диний-экстремисттик уюмунун активдүү 7 мүчөсү идеологиясынан баш тартышканын билдирди.
Атайын кызмат аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Жыйынтыгында жарандар экстремисттик уюмдун зыяндуулугун түшүнүп, жаңылыштыктарын толук моюндарына алышкан жана өз ыктыярлары менен уюмга мүчө болуудан баш тартышкан.
УКМК диний-экстремисттик уюмдардын жана агымдардын идеологиясын жайылткандар үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.