Бишкекте дагы эки милиция кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда УКМКдан кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2-октябрда 100 миң сом өлчөмүндө пара алуу фактысы боюнча Ленин РИИБинин 2-шаардык милиция бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкерлери А.у.И. жана А.А. кармалды.
Тергөөнүн жүрүшүндө алардын калаа тургунун өндүрүшүндө турган кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, жогорудагы акча каражатын алганы аныкталган.
Кармалган кызматкерлер УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Белгилей кетсек, буга чейин атайын кызмат Биринчи май РИИБинин ыкчам кызматкерлери калаа тургунун мыйзамсыз кармап, кыйноого алган деген шек менен кармалганын кабарлаган.