Бишкек шаарынын Ленин районундагы “Маңка-Жар” коктусунун сел тосмосунда тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-октябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ага ылайык, сел кырсыгынын алдын алуу максатында 19-сентябрдан 2-октябрга чейин сел тосмонун ичи тазаланып, болжол менен 2100 метр куб топурак казылып алынды.
"Буга Ленин району боюнча муниципалдык администрациясынын атайын техникалары тартылып, тазалоо иштери толук бүткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.