Бишкекте электросамокат айдаган баланы унаа коюп кетти. Бул тууралуу видеону бүгүн, 3-октябрда жарандык активист Болот Ибрагимов Телеграм каналына жарыялады.
Видеодо Тойота үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдон электросамокат айдаган баланы сүзгөнүн көрүүгө болот.