Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы электросамокат менен унаанын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 3-октябрь күнү болжол менен саат 18:00дөр чамасында болгон. Анда Toyota Brevis үлгүсүндөгү унаанын 33 жаштагы айдоочусу Севостополь көчөсү менен бара жатып веложол менен электросамокат тээп келе жаткан 13 жаштагы баланы сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен 13 жаштагы бала ооруканага жаткырылган.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Окуя боюнча бардык экспертизалар дайындалып, унаа айып короого токтотулган.
Милиция учурда тергөө иштери жүрүп жатканын, кийинчерээк толук маалымат берилерин кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарга электросамокат айдаган баланы унаа коюп кеткен видео тараган.