Грузия парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили ЛГБТга каршы мыйзамга кол койгонун чет элдик басылмалар жазып чыгышты. Спикер кечээ, 3-октябрда, тагыраагы, өлкө башчысы Саломе Зурабишвили бул мыйзам долбооруна кол коюудан баш тарткандан кийин кол койгон.
"Грузиянын Конституциясына ылайык, мен Саломе Зурабишвили кол коюудан баш тарткан "Үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана жашы жете электерди коргоо жөнүндө" мыйзамга кол койдум", - деген ал.
Аталган мыйзам долбоорун Грузиянын парламенти 17-сентябрда үчүнчү окууда кабыл алган. Ал күчүнө кириши үчүн документке президент кол коюшу керек болчу. Бирок өлкөнүн Конституциясына ылайык, мамлекет башчысы мыйзамга кол койбосо, анда ага кол коюу укугу парламенттин төрагасына берилет.