Кечээ, 3-октябрда Италиянын борбор шаары Римде "Кыргызстан" паркынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул туурасында президенттик администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, иш-чара президент Садыр Жапаровдун Италияга жасаган расмий сапарынын алкагында уюштурулган.
"Парктын ачылышы Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы достук мамилелерди символдоштурат. Ошондой эле Италияда кыргыз маданиятын жайылтууга жана маданий алмашууну өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.
Салтанатка кыргыз делегациясынын мүчөлөрү, Римдин вице-мэри Пьерлуиджи Санна, муниципалитеттин башчысы Франческа Дель Белло, ошондой эле Италияда жашаган кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты.
Анын алкагында Бишкек жана Рим шаарларынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлгандыгы маалыматта кошумчаланган.