Кыргызстанда биринчи күн фотоэлектр станциясы ачылып, ал Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин чатырына орнотулган.
USAID'дин колдоосу менен иштелип чыккан система университетти электр энергиясы менен гана камсыз кылбастан, ашыкча электр энергияны кайра тармакка сатууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле эксплуатациялык чыгымдардын ордун толтурууга жана аймактын туруктуу энергетикалык келечегин моделдөөгө жардам берет.
Иш-чаранын алкагында USAID'дин Азия боюнча бюросунун администраторунун жардамчысынын орун басары Анжали Каур АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган “Жашыл чечимдер” долбоорунун башталгандыгын жарыялап, беш жылдык программага 24 миллион доллар бөлүнгөнүн белгиледи.
Анда агенттик жергиликтүү ишканалар менен өнөктөштүк түзүп, жашыл чечимдерди жана технологияларды ишке киргизүү үчүн гранттарды берет.