Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда баңгизат жасоо менен алектенгендер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызмат шектүү делип жаткан 3 жаранды унаа менен жүргөндө колго түшүргөн. Унааны тинтүү учурунда желим баштыкка салынган жалпы салмагы 573 грамм гашиш баңгизаты, ошондой эле баңгизаттарды даярдоо жана кайра иштетүү үчүн колдонулган буюмдар табылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүнүн (Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан сатуу максатында баңги каражаттарды, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун ири өлчөмдө мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
УКМК кармалгандар камакка алынып, тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.